Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Түркмөнстанга жаңы өзбек элчиси дайындалды


Алишер Кадыров аттуу дипломат Өзбекстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды жана кечээ күнү Ашгабат шаарында өзүнүн ишеним кагаздарын президент Сапармурад Ниязовко тапшырды. 2002-жылдын аягында Ниязовдун өмүрүнө каршы кол салуу болгон деп жарыяланганда, ага өзбек элчилиги көмөктөшкөн деп, Ашгабат өзүнүн Ташкен менен болгон дипломатиялык байланыштарын үзүп салган:

- Түркмөнстан менен болгон байланыштардагы маселелер чечилүүгө тийиш, кылымдар бою кошуна болуп жашаган эки эл жакшы мамилени жоготпош керек, - деди жаңы элчи. Эки жарым жыл бою Түркмөнстанда өзбек элчиси жок болчу.

 

XS
SM
MD
LG