Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча комитетинин Женева шаарында өтүп жаткан сессиясында комитеттин адам укуктар боюнча байкоочусу Витит Мунтарбхорн Түндүк Кореяны катуу сынга алып, өлкө мыйзамдары эл аралык эрежелерге туура келгендей болуп өзгөртүлүүгө тийиш деп билдирди. Пхеньян өкүлү бардык күнөөлөрдү четке какты. Дагы бир байкоочу Адриан Северин Беларустагы абалды катуу чынга алды.