АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Хилл кечээ күнү Манила шаарына учуп келди жана Филиппинден кийин Таиланд менен Түштүк Кореяга барат. Хилл - Түндүк Кореянын өзөктүк программаларынан чыккан маселелер боюнча уюштурулган алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө АКШнын өкүлү. Анын айтымында, сүйлөшүүгө катышуудан Пхеньяндын баш тартканы - маселеге болгон анын жалпы мамилеси туура эмес экнин көрсөтөт.