Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Индонезияда жаңы жер титирөө болду


Индонезия өкмөтүнүн айтымында, Ниас аралында болгон жер титирөө бир миңге жакын адамдын өмүрүн алып кетти, буга чейинки маалыматтар боюнча, өлгөндөрдүн саны андан алда канча көп болмок. Силкинүүнүн күчү Рихтер өлчөмү боюнча 8,7 баллга жеткен, бирок андан цунами толкуну чыккан жок. Анткен менен Ачей провинциясынын жээгине бийиктиги үч метирге жеткен толкун келип тийип, бир топ имаратты бузуп кетти. Дэңиз жээгиндеги жашап-иштеген эл алдын ала көчүрүлгөн. Индонезияга эл аралык жардам көрсөтүлө баштады.

XS
SM
MD
LG