Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Ысыккөлдө кайрылып жатышат


КАРАКОЛ. 30-мартта Кыргызстан элдик кыймылы блогунун Ысыккөл облустук бөлүмү Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаевге, президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөттүн башчы Курманбек Бакиевге, күч структураларынын координатору Феликс Куловго кайрылуу жолдошту. Кайрылууга бир катар саясий партияларынын облустук бөлүмүнүн, коомдук кыймылдардын лидерлери кол коюшуп, алар негизги төрт талап менен чыгышты. Тактап айтканда коорупцияга, үй-бүлөлүк башкарууга малынган Акаевчил бийлик биротоло кетсин. Аскар Акаев менен сүйлөшүүлөрдү токтотуп, анын үй-бүлөсү басып алган мамлекеттик менчикти элдин менчигине өткөрүү зарыл.

Ошондой эле өлкөнүн жаңы конституциясы кабыл алынууга тийиш. Жалпы республикадагы саясий кырдаалды жөнгө салуу үчүн бийлик, күч структураларынын ыйгарым укуктарын бекитүү керек.

Президеттик шайлоого карата тымызын атаандашуулар, ал тургай үгүт иштери жүрүп жаткандыгы байкала баштады. Мындай аракеттерге тезинен чара көрүлүүгө тийиш, дейт кайрылуу ээлеринин атынан маалымат берген Кыргызстан элдик кыймылынын обулстук бөлүмүнүн координатору Канымет Жакыпбектегин.

XS
SM
MD
LG