Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:39

Жогорку Кеңеш Ф.Куловду актоону сунуштоо тууралуу токтом кабыл алды


БИШКЕК. 30-мартта жаңы Жогорку Кеңештин отурумунда Феликс Кулов “өлкөдө коопсуздук үчүн коркунуч жок. Демонстрация өткөрөбүз дегендерге каршылык жок. Кандайдыр бир топтор күч колдонуп, башаламандыкты пайда кылууну көздөсө аларга чара көрүлөт” деп билдирди. Ал ошондой эле күч структураларына координациялык милдетин аткарып бүткөнүн маалымдады. Жогорку Кеңеш Жогорку соттон жана Башкы прокуратурадан Феликс Куловду актоону сунуштаган токтом кабыл алышты. Жаңы парламентте депутаттардын “Эл биримдиги”, “Эл менен”, “Ынтымак” деген аталыштагы үч фракция түзүлдү. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин төрага орун басарлыгына депутаттар Алишер Сабиров, Замир Эсеналиев сунушталып, бирок алардын талапкерлиги өтпөй калды.

XS
SM
MD
LG