Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Ф.Кулов А.Акаевге коопсуздук кепилдиги берилээрин айтты


БИШКЕК. Эгерде кызматынан четтетилген президент Аскар Акаев Кыргызстанга келсе, анын жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна кепилдик берилет. Мындай билдирүүнү буга чейин Кыргызстандын күч структураларынын координаторунун кызматын аткарып келген Феликс Кулов 30-мартта маалымат жыйынында билдирди. 29-мартта Аскар Акаев Орусиянын ОРТ каналынан чыгып сүйлөп, ал азырынча легитимдүү өлкө башчысы экендигин белгилөө менен, эгерде анын коопсуздугуна кепилдик берилсе, мыйзамдар жол бере турган болсо, чегинде кызматынан чегинүүгө даяр экендигин билдирген. Ички иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында Феликс Кулов ошону менен бирге өзүнүн президенттикке барышы боюнча азырынча так жооп айта албай тургандыгы жөнүндө айтты.

XS
SM
MD
LG