Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин Кыргызстанга азырынча келишинин зарылдыгы жок деди


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу жана убактылуу өкмөттүн башчысы Курманбек Бакиев Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясы аркылуу түз обого чыгып, элдин суроолоруна жооп берди. Анда Бакиев 24-марттагы дүйнөнү дүңгүрөткөн окуядан кийин өлкөдөгү абал калыбына келип, коомдук турмуш өз нугуна түшкөнүн билдирди. Парламенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болгон жыйырмадан ашуун участоктордун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы карап чыгып, соттун чечимине жараша кайра шайлоо өткөрүлөөрүн белгиледи. Кызматтан четтетилген президент Аскар Акаев менен Жогорку Кеңеш сүйлөшүү жүргүзүүгө каршы эместигин, бирок анын азыр Кыргызстанга келишинин зарылдыгы жоктугун билдирди.

Курманбек Бакиевдин айтымында КТР, “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо” сыяктуу массалык маалымат каражаттары коомдук болууга тийиш.

XS
SM
MD
LG