Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

ЮКОСтун кызматкери 20 жылга түрмөгө кесилди


30-мартта Москванын шаардык соту ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы кызматкери Алексей Пичугинди 20 жылга түрмөгө кести. Пичугин ЮКОСтун коопсуздук кызматын жетектеген. Ал “эки адамды өлтүргөн, дагы бирөөнүн өмүрүнө кол салган” деп айыпталган эле. Пичугин 2003-жылы кармалган. ЮКОСтун кызматкери ага тагылган айыпты Кремлдин ЮКОСко каршы багытталган аракетинин бир көрүнүшү катары баалаган. Пичугиндин адвокаты Георгий Каганер соттун чечими менен макул эмес:

- Биз соттун чечими менен макул эмеспиз жана ага каршы даттануу арызы менен кайрылабыз. Пичугиндин ишинде анын бул кылмыш иштерине катыштыгы бар экендигин далилдеген материал жок, ага карабай аны 20 жылга түрмөгө кесишти.

XS
SM
MD
LG