Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

Иран баары бир уранды байыта берет


Ирандын президенти Мухаммед Хатами эларалык басымга карабай Иран баары бир уран байытууну уланта берээрин айтты. Хатаминин айтымында, Франция, Германия жана Британия менен сүйлөшүүлөрдө Иран уран байытууну убактылуу гана токтотуп тураарын билдирген. Европа Биримдиги Иран бул иштен баш тартса бир катар экономикалык кирешелүү сунуштарды алат деген болчу. Анткени уран байытууну тынчтык максатында эле эмес, өзөктүк курал жасоого да пайдаланууга болот. Канткен менен, ырасмий Тегеран анын аракеттери жалаң гана тынчтык максатында аткарылып жатканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG