Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

АЗЫРКЫ АРАП МУЗЫКАСЫ


Арап өлкөлөрүндө акыркы жылдары салтуу элдик ырларга катар эле Батыш музыкасынын таасири астында жаралган обондуу ырлар көбөйдү. Аларды арап өлкөлөрүндөгү жеке менчик ондон ашуун телеканалдар эртеден кечке тынбай көрсөтөт. Кийинки учурда классикалык ырларды жаш, чырайлуу поп-ырчылардын музыкалык видеоклиптери сүрүп чыга баштаганы байкалат. Үналгы-сыналгыдан көп аткарылган жана үнтасмалары көп ойнотулган арап музыкасын жалпысынан кандай мүнөздөсө болот?

Бул суроону он жылдан ашуун мезгилден бери Каир радиосунда иштеген журналист Султан Сарварга узаттым. Анын жообу:

- Обондуу арап ырларын жана музыкасын жалпысынан классикалык жана заманбап деп экиге бөлүп карап көрөлү. Классикалык музыкада сөздөр ырааттуу созолонтуп ырдалып, көбүнесе Курандын бизге тааныш сөздөрү кыраатка салып окулгандай обонго салынып аткарылат. Алсак, арап дүйнөсүндө Ум Гулсун Куранды жатка окуган атактуу ырчылардын бири. Ал адегенде Куранды диний жөрөлгөлөр учурунда обонго салып ырдап жүрүп, кийин чоң ырчыга айланган.

Арапдардын обондуу ырларында башка элдер сыяктуу эле сүйүү, адам тагдыры, турмуштагы унутулгус окуялар баяндалат. Бүгүнкү заманбап же жаштар арасында өтө кеңири жайылган арап музыкасы европалык ыргактарды кайталагандыктан, мурда арапдарга бейтааныш болгон жана ойнолбогон музыкалык аспаптар да колдонулат. Анткен менен Султан Сарвардын айтышынча:

-Бүгүнкү ырлар көбүн эсе махабат тууралуу. Араптарда сүйүү жөнүндөгү ырлар аябай көп: ашыклык ырлары, адамдар ортосундагы сүйүү жана табиятка болгон сүйүү ырлары.

Шаабдан тышкары аты жаамы арапдарга таанылган Умар Амир Диаб, Ирактык Казим Сахир сыяктуу ырчылар бар. Кийинки мезгилде ливандык ырчылар да популярдуу болуп баратат.

Ливандык поп ырчылардын мыктысы эсептелген Руби Праганын көчөлөрүндө тартылган музыкалык биринчи клибинде бел бийин (танец живота) аткарганы кээ бир мекендештери арасында нааразылыкты жаратты. Анын велосипед минип баратып ырдаганы парламентке жакпай, музыканттардын кесиптик кошууну Рубинин өнөрүнө тыйуу салганга аракет кылып да көрдү. Мисир сыналгысы болсо Рубини көрсөттүрбөй койду.

Парламент мүчөсү, Мусулман агаиндер партиясынын мүчөсү Мохаммад Мурси: “Музыкалык видеотасмалар адамдардын адеп-ахлагын бузат. Исламга каршы келет”, -деп, өкмөттү Рубинин ырларын саттелиттик каналдардан көрсөтүүгө да тыйуу салууга үндөдү.

Видоклиптер арап сыналгыларында мындан 15 жыл мурда пайда болгон. Азыр видоклиптерде сөзсүз “бел бийлери” колдонулат. Аны консервативдүү исламчылар коомдо ыймандын жоголуусу катары кабыл алса, Бейруттагы видеопродукцияларды чыгаруучу Ротана фирмасынын соода-сатык иштери боюнча директору Халед Ага “Арап дүйнөсүндөгү сексуалдык репрессияга каршылык көрсөтүүнүн бир түрү”, деп баалайт.

Султан Сарвардын айтышынча, жаш ырчылар тыш өлкөлөргө чыгып, видеоклип тартууну ийгиликке жетүүгө зарыл каражат катары түшүнүшөт:

-Менин баамдашымча, ыкыбалдуу жаш ырчылар сөзсүз видоклиптүү болууга умтулушат жана аны тартуу үчүн көп акча сарпташат. Видеоклиптерди бирөөлөр арап өлкөлөрүндө тартса, башкалары эки үч гана ырды тартуу үчүн айрым Европа өлкөлөрүнө, дагы бирөөлөр Индияга же дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө барышат.
XS
SM
MD
LG