Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Областык бийлик кырдаалды талкуулады


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук бийлик жана облустагы элдик кошуун маалымат жыйынында белгилегендей Улуттук банктын облустагы бөлүмү тонолгондугу жөнүндөгү КТРдин 29-марттагы маалыматы негизсиз. Улуттук банктын облустагы башкаруучусу барымтага алынган эмес жана аны эч ким сабаган жок. Эл бийлигинин чечими менен банктын башчысынын катышуусунда банктан эсептелип алынган 12 кап жана бир кутудагы акча 24-мартта Улуттук коопсуздук жана ички иштер башкармалыктарына тапшырылган. Үчүнчү күч катары эски бийликтин өкүлдөрү дүүлүктүрүп жаткандай, улуттар аралык маселе облуста көтөрүлгөн жок. Криминалдык топтордун байларды тоноо аракеттери Элдик кошуундун жардамы менен жокко чыгарылууда. Облуста Бишкектегидей талап-тоноолор катталбады, деп айтылды чогулушта.

XS
SM
MD
LG