Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Депутаттар төрага орун басарларын эки күн шайлашты


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш эки күндөн бери кайталап добуш берүүнүн жыйынтыгы менен бейшемби күнү төраганын эки орун басарларын шайлоого жетишти. Биринчи орун басарлыгына депутат Болот Шерниязов, экинчисине Эркин Алымбеков шайланды. Эки күндөн бери төраганын эки орун басарлыгына депутаттар Замирбек Эсенаманов, Темир Сариев, Алишер Сабиров, Давран Сабиров, Эркин Байсалов, Аскарбек Шадиев сунушталышкан. Булардан тышкары депутаттык фракциялардын жетекчилери да төрагага орун басар катары саналат. Төрага орун басарына фракциянын жетекчилери шайланган шартта алар фракция башчылыгын өткөрүп беришет. Учурда парламентте үч фракция түзүлдү. «Эл менен» фракциясын депутат Жантөрө Сатыбалдиев, «Эл биримдиги» фракциясын Эркинбек Алымбеков, «Ынтымак» фракциясын Эркин Байсалов жетектейт.

XS
SM
MD
LG