Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

24-марттагы Алатоо аянтындагы окуя боюнча эки кылмыш иши козголду


БИШКЕК. 24-мартта Бишкек шаарынын «Алатоо» аянтында болгон окуяга байланыштуу эки кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Жыргалбек Сурабалдиевге байланыштуусу жок. Бул тууралуу бейшембиде башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров билдирди.
Мындан эки күн мурун Жыргалбек Сурабалдиев Жогорку Кеңеште ант берип, бирок депутаттар тобунун нааразылыгынан кийин Жогорку Кеңештеги ишмердүүлүгүн убактылуу токтото турууга аргасыз болгон. Отурумдан кетер алдында Сурабалдиев дооматтарды негизсиз деп билдирди. Коомчулуктун өкүлдөрү жана айрым саясатчылар болсо 24-мартта «Алатоо» аянтында турган демонстранттарга каршы депутат Жыргалбек Сурабалдиев уюштурган чагымчылар чабуул жасады деп жатышат.

XS
SM
MD
LG