Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Кулов акталабы? Бул баарын кызыктырып атат


БИШКЕК. «Арнамыс» саясий партиясынын лидери Феликс Куловдун сот ишин териштирүүнү бир жаңсыл чечүү Жогорку соттун гана милдетине кирет, ал эми Башкы прокуратуранын бул маселеге тиешеси жок. Мындай пикирин 31-мартта Башкы прокурордун милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча Куловдун ишин Жогорку сот жаңы жагдайлар боюнча гана кайра карай алат, бирок «жаңы ачылган жагдай боюнча Кылмыш-процессуалдык кодексте эч нерсени көрө албай жатам. Андай документтер жок» деп билдирди Азимбек Бекназаров. Саясатчынын пикиринде, мыйзам боюнча Феликс Кулов түрмөгө кайра кайтып барууга туура келет, ошондуктан бул маселени саясий чечим аркылуу жөнгө салуу керек болчу. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев ЕККУ төрагасы менен жолугушуу учурунда Куловдун күнөөсүн алып салууну азыркы өкмөт кечеңдетип жатканын жана бул массалык нааразылыктардын жаңы толкунун пайда кылышы ыктымалдыгын белгиледи. Бир күн мурун түз эфирде сүйлөгөн сөзүндө президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Куловдун ишин сот гана чече алаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG