Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Премьер-министрдин президенттик шайлоого катышуусун чектеген долбоор иштелүүдө


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 31-мартта ЕККУнун төрагасы Димитрий Рупель менен жолугушту. Анда ал Кыргызстан менен уюмдун мындан аркы кызматташтыгына, өлкөдөгү кырдаалга, президенттик шайлоого байланышкан маселелерге кызыкты. ЕККУ төрагасы Кыргызстандагы президенттик шайлоонун мыйзамдуу өтүшү үчүн уюм бардык аракеттерди жасаарын билдирди. Ушул эле жолугушууда Текебаев «Шайлоо кодексине» өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору иштелип жаткандыгын билдирди. Депутат Дооронбек Садырбаев даярдаган бул долбоордо иштеп жаткан премьер-министрдин президенттик шайлоого катышуусуна чек коюлган. Төраганын айтымында, бул мыйзам президенттик шайлоонун акыйкат өтүшүнө өбөлгө түзөт.

XS
SM
MD
LG