Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Дүйнөлүк Банк жаңы президенттүү болот


АКШнын Ирак согушунун пландоочусу болгон Вольфовицтин талапкердигин жарым ай мурда АКШнын президенти Жорж Буш сунуш эткен эле.

Европалык бир нече лидер Вольфовицтин жер шарында жакырчылыкты төмөндөтүүнү көздөгөн Дүйнөлүк Банкты жетектөөгө көрсөтүлүшүн салкын кабыл алышкан.

30-мартта Брюсселде Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолуккандан кийин Вольфовиц өз талапкердигинин талаштуу экендигин мындайча билдирди:

- Мен жумшактап айтканда, талаш туудурган адам экенимди моюнга алам. Бирок эл мени жакындан тааныгандан кийин, мен Дүйнөлүк Банктын миссиясына терең ишенээриме көздөрү жетет. Болбосо мен бул сунушту кабыл алмак эмесмин, деди Дүйнөлүк банкты жетектөөгө көрсөтүлгөн АКШнын коргонуу катчысынын орун басары.

Европа Комиссиясы бүгүн Вольфовицтин эркин соода, жакырлыкты азайтуу жана өнүктүрүү саясаты боюнча жасаган билдирүүсүнө канааттангандык билдирүүдө.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады.

XS
SM
MD
LG