Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

КЫРГЫЗСТАН ИШКЕРДИК ҮМҮТҮ МЕНЕН ЖАШООДО


Жаңы кыргыз өкмөтү ушу тапта беш жылдык, үч жылдык, 80 күндүк программа түзүүнүн үстүндө иштөөдө. Ал жөнүнде вице-премьер-министр милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов 1-апрелде өткөн маалымат жыйынында жарыя кылды. Жаңы программанын урунт учурларын камтыган сунуштарды эмдиги жумада өкмөт башчы инвесторлор менен болгон жыйында ачыкка чыгармакчы.

Данияр Үсөнов жаңы өкмөт ушу тапта экономикалык программанын үстүндө иштеп жатканын маалымдады. Жаңы программа беш жылга эсептелген. Беш жылдык пландын ичинде үч жылда сөзсүз аткарыла турган милдеттер аныкталып, ага улай 80 күндүк программа ишке кирмекчи. Ушу тапта Кыргызстан башынан кечирип жаткан ыңкылапчыл маанай экономикалык ыкчам өнүгүүгө шарт түзүүдө. Жаңы өкмөт азыр салык чогултуунун аракетин көрүүдө. Баштагыдай кимдир бирөөнүн атына жамынып салыктан качуу, кайсы бир таасирдүү чиновниктин кийлигишүүсү менен салыктан качууга мындан ары жол берилбейт, деп билдирди Данияр Үсөнов.

Вице-премьер-министр милдетин аткаруучунун ырасташынча, жаңы өкмөт салыктар өлчөмүн, атап айтканда, кирешеден алынчу салык менен кошумча нарк салыгын 10% азайтуу, базар-нарк мамилесине кыл келбеген жол, күтүүсүз кырдаалдар үчүн салыктар алынып салынмакчы. Кыргызстандагы кирешелүү ишканалардын көбүн ээлеп же көзөмөлгө алган президент А.Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн текши баары ушу тапта такталып, кирешенин кайда кетип жатканы текшерилүүдө деп билдирди Д.Үсөнов.

- Курманбек Салиевич ачык эле айтпадыбы, ким пара алса ал революциянын чыккынчысы жана кылмышкер. Аны менен Башкы прокуратура гана иш алып баруусу керек. Алдыңбы – сен кылмышкерсиң, болду, башка сөз жок. Муну түшүнүктөр менен ырастап, узак кеп кылыштын кажети жок. Бир-эки мисал, учак майданга келип конуп кайра көтөрүлүп кетиши үчүн 5 миң доллар акча төлөшөт. Ошонун 750 доллары мамлекетке кетет, калганы «тыякка» кетчү. Кытайдан келген чоң-чоң машинелер бажыканага 5000 доллар акча төлөйт. Ошондон 1 200 доллары мамлекетке кетчү, калганы «үй-бүлөнүн» чөнтөгүнө кетчү. Эми эсептеп көргүлө, канча доллар болот экен. Бул эки эле мисал. Ошон үчүн биз аны ушу азыр ойлоп атабыз, иликтеп атабыз. Система кандай болот, «крыша», үй-бүлөсүнүн чөнтөгү болбойт экен.

Данияр Үсөнов салыктардан чогултчу киреше мурдагыдан арбып баратканын маалымдады. Ыңкылапка байланыштуу март айындагы экономикалык көрсөткүч азыраак болушу ыктымал. Анткен менен, 24-марттан кийинки түзүлгөн ачык экономикалык шарт-жагдай чакан жана орто ишкердиктин өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзүүдө, дейт Д.Үсөнов. Анын бир көрүнүшү катары Европа өнүгүү жана реконструкция банкы менен «Инэксимбанк» биргелешип ишкердикти өнүктүрүүгө 25,5 миллион доллар дагы кошумча акча бөлдү, деп маалымдады вице-премьер-министр.

Д.Үсөнов өкмөттүк кызматка келгенге чейин ишкердик менен шугулданып келгенин, айтылуу «Эридан» корпорациясынын жабылышын да эскере кетти.

- Силер жакшы билесиңер, 1997-1998-жылы «Эридан» коропрорациясы тууралуу көп сөз болгон. Мына ошондо сотко таянып Аскар Акаевичтин көрсөтмөсү боюнча «Эридан» корпорациясын жок кылышпадыбы. А.Акаев «100 «Эридан» болсо жыргайт элек» деп айткан. Андан бир саат өтпөй «буларды жоготкула» деп тапшырма берген. Ошону менен коопсуздук, ички иштер, салык полициясы кошулуп 7 жыл ичинде 22 ишканадан турган, 6 миң киши иштеген корпорацияны жок кылышты. Алар жумушсуз калышты.

Вице-премьер-министр жеке менчик Кыргызстандын Башмыйзамы боюнча кол тийгис экенин белгилеп, президент А.Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлк тагдыры мыйзам чегинде аныкталарын, эч ким бирөөнүн байлыгын жөндөн-жөн эле тартып алалбастыгын билдирди. Кызматын таштай качкан президент жеке өзү үй-мүлкү тууралуу билдирүүлөрүндө белгилегендей, чын эле эски машинеси менен шаар ичиндеги батирге ээ болушу мүмкүн. Бирок да, анын уулу менен күйөө баласы ишкердик менен шугулданып келгенин элдин баары билет, деп айтты Д.Үсөнов.

Өкмөт башчынын орунбасары 24-марттагы ыңкылаптан кийинки талап-тонолгон ири соода дүкөндөрүнүн ээлерине жардам бериле тургандыгын билдирди.

- Биз азыр чара көрүп атабыз. Бишкек шаар башчысы, экономика жана тышкы соода, өнөр жай министрлиги бул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Сөзсүз чара көрөбүз, салык, бажы төлөм жагынан каникул беребизби, банктарды чакырат элек, ошолор пайызы төмөн узак мөөнөт кредит берүү жагын карап чыгат. Биз аны кандай шартта болбосун карап чыгабыз.

А.Акаев режими тушунда жасалган иштерди кайрадан карап чыккандан кийин уяласың, деп маалымдады Д.Үсөнов. Мамлекет казынасына түшпөй белгилүү гана адамдардын чөнтөгүнө түшүп жаткан акчалар эми элге жумшалат. Ал акчалар айлык акыны көтөрүүгө сарпталат. Электр акы, темир жол акысы көтөрүлбөйт, деди Д.Үсөнов. Анын ырасташынча, жаңы өкмөттүн алдында чоң, ири милдет турат. Ал экономиканы нака базар-нарк мамилесине салуу милдети.

- Трагедия эмнеде, эч ким муну жасаган эмес, эми муну базар экономикасына өткөрүшүбүз керек.

XS
SM
MD
LG