Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

2-апрелдеги аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, апрелдин экисинде республиканын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт. Түштүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым убактарда 14 метрге чейин жетет.

ЧҮЙ өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн +6...+11, күндүз +17...+22 градус жылуу. ЫСЫККӨЛ облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +10...+15 градус.
ТАЛАС, ЖАЛАЛАБАТ, ОШ, БАТКЕН аймактары боюнча абанын температурасы түнкүсүн +5...+10, күндүз +16...+21 градус жылуу болот.
НАРЫНда түнкүсүн 0...+5, күндүз +7...+12 градус жылуу.
Борборубуз БИШКЕКте ала булут каптап, батыш тараптан мелүүн жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүз +19...+21 градус

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG