Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Сузак районунда митинг болду


ЖАЛАЛАБАТ. Райондун борборуна чогулган төрт миңге жакын адам №27 Сузак, Базаркоргон шайлоо аймагында Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо туура өткөндүгү райондук жана Жогорку сот тарабынан аныкталганын белгилешти. Алар көпчүлүк эл шайлаган Абдымиталип Хакимовго депутаттык мандат берилбей жаткандыгына нааразы болушуп, Борбордук шайлоо комиссиясынан аталган депутатка күбөлүк берүүнү талап кылган кайрылууну талап кылышты. Анын атаандашы болгон Замирбек Мураталиевдин Абдымиталип Хакимов Өзбекстандын да жараны болгондуктан шайлоодон четтетилсин деген арызын Сузак райондук соту негизсиз деп тапкан. Коомчулуктун пикири боюнча райондук сот мындай чечимди Абдымиталип Хакимовдун жактоочуларынын токмогу жана кысымы алдында кабыл алган.

XS
SM
MD
LG