Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

М.Эшимканов азыркы бийликке оппозиция


БИШКЕК. Бишкектеги №6 Асанбай шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болгон Мелис Эшимканов өзүнүн талабын канааттандырбаган райондук соттун чечимдерин жокко чыгаруу арызын Жогорку сотко жолдогон жатат. Бул тууралуу Мелис Эшимканов 1-апрелде АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыркы бийлик да Акаевдин бийлигиндей эле анын депутат болуусун каалаган жери жок. Анын билдирүүсү боюнча, ага азыркы бийликке каршы «менин шайлоочуларым мындай бийлик үчүн умтулган эмес» деп айткан сын пикири негиз берүүдө. Эшимканов андан тышкары Бакиевдин бийлиги мурунку бийлик кетирген каталарды кетирип жатат деп, ага Бакиевдин «өзүнө жакын адамдарды» кызматка дайындап жаткандыгын мисалга тартты. Андан тышкары шайлоого нааразы болгон 5 миң шайлоочусун ар кандай аракетке баруудан араң токтотуп тургандыгын,эгер Жогорку Сот калыс эмес чечимге барса алар күтүүсүз аракеттерге барышы мүмкүн экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG