Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:45

Украина жетекчилиги мурда Кытай менен Иранга жашыруун түрдө курал саткан

Америка Кошмо Штаттарына келээр алдында Украинанын президенти Виктор Ющенко кечээ күнү америкалык "Эн-би-си" сыналгысына интервью берип, өлкөнүн мурдагы жетекчилиги чет мамлекеттерге жашыруун түрдө курал саткан деп билдирди. Анын айтымында, Орусияга деп жалган айтылып, чындыгында Кытай менен Иранга кеминде жыйырма "Х-55" деген ракета сатылган. 4-апрелде Ющенко Вашингтонго келип, президент Жорж Буш менен жолугат, 6-апрелде болсо америкалык Конгрессте чыгып сүйлөйт.
XS
SM
MD
LG