Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

«АК КЕМЕ-ПИНАРА» МЕЙМАНКАНАСЫ КАЙРАДАН ТАЛАШКА ТҮШТҮ


Сапар Орозбаков, Бишкек 24-марттагы окуядан кийин өлкөдө менчик бөлүштүрүү башталды. Мурда талаш-тартыш болуп келген ишканаларды азыр экинчи тараптар тартып алып жатышат. Ушундай нерсе Бишкекте жайгашкан «Ак кеме-Пинара» мейманканасында да болду. Буга чейин ага ээлик кылып келген түркиялык Гюрсель Ениже мейманкананы анын мурдагы өнөктөшү Руслан Сарысаков күч менен тартып алгандыгын билдирди.

Түркиялык ишкер Гюрсель Ениже өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, анын мурдагы өнөктөшү Руслан Сарымсаков «Ак кеме-Пинара» мейманканасын ээлеп алганын массалык маалымат каражаттарына айтып жүрөт. Ал муну жакында эле болуп өткөн экономика өнүгүү министрлигиндеги кеңешмедеде да кайталап, өкмөттөн жардам сурады:

-Ушул жылдын 25-мартында биздин мейманкананы мыйзамсыз тартып алышты –деди Гюрсель Ениже.

Руслан Сарымсаковго кайрылсак, ал киши чынында эле мейманканада болуп чыкты. Ал муну башкача түшүндүрөт. Руслан Сарымсаковдун айтымында, шаарда талап-тоноо башталганда мейманканы да талкалап жиберишеби деген ой менен менен мейманканага келип, Гюрсель Енижеге жолуккан. Ал «эч кандай күч колдонуу болгон эмес, мен Жогорку кеңештин жана Конституциялык соттун мейманканы мага өткөрүп берүү жөнүндө чечимин көрсөткөм, Ениже мырза өз эрки менен өткөрүп берген» дейт:

- Биз анын сөзүн жазып алганбыз. Ал жерде «мен Кыргызстандын мыйзамдарын жана конституциясын сыйлайм, мага мейманканадан чыгып кетүүгө уруксат бергиле» деп так жазылган, – деди Руслан Сарымсаков.

Бул көп жылдан бери талаш болуп келген «Ак кеме-Пинара» мейманканасы кыргызстандык «Ак кеме» фирмасы жана түркиялык «Систем Мюхендислик» фирмасы бирге салышкан. Кыргызстан эгемендикке чыккандан кийин Түрк мамлекети жардам иретинде 75 млн. доллар кредит бөлгөн. Ал кредиттин 8 млн. доллары аталган мейманкананы курууга берилет.

Сарымсаковдун айтуусу боюнча түркиялык фирма адегенде курулуш иштерин жүргүзүү үчүн гана жалданган. Бирок фирманын жетекчиси Гюрсель Ениже акча кошом деп убада кылгандан кийин, бул эки фирма 1994-жылы биргелешкен ишкана түзүшөт.

Руслан Сарымсаков Гюрсель Ениже убадасын аткарбагандыгын, ал мейманканы малайзиялык менен бирге бүтүргөнүн айтат:

-Биз акчаны күттүк. Алар аткарышкан жок. Жаңжал ушундан кийин чыкты.

Руслан Сарымсаковдун айтымында, «Ак кеме» 1 млн. доллардан ашык кредитти кайтарып берсе да, каржы министрлиги акча төлөгөн жок деп айыптап, арбитраждык сот «Ак кемени» банкрот деп жарыялайт. Өкмөт мейманканы «Систем Мюхендисликке» сатып жиберет. Сарымсаковдун өзүн болсо түрмөгө камап салышат. Түрмөдөн чыккандан кийин ал Жогорку кеңешке жана Конституциялык сотко кайрылып, алар болсо маселени Сарымсаковдун пайдасына чечип беришет:

-Конституциялык соттун чечими аткарылган эмес. Сотторго «аткарбагыла» деп телефон чалышкан. Мунун баарын Болот Жанузакров көзөмөлдөп турган. Андан башка өкмөттө иштеген Елена Белковская да көзөмөлдөгөн. Елена Белковкая сотторго «андай чечим чыгарсаңар көрөсүнөр, бул Аскар Акаевдин көрсөтмөсү» деген -дейт Руслан Сарымсаков.

Анын айтымында, Гюрсель Ениже бир да тыйын кошкон эмес. Тескерисинче, Түркиянын кредиттерин уурдап алып кеткен. Ал эми Гюрсель Ениже болсо мейманканага 25 млн. доллар инвестиция салганын айтып, аны кайрып берүүнү талап кылып жатат:

- Жаңы өкмөттүн телевизор аркылуу эларалык жана өкмөт аралык келишимдердин баары күчүндө калат деп айтканы бизди абдан кубандырды. Жаңы өкмөт баары мыйзам чегинде гана чечилет деп айтты. Ошондуктан биз сабырдуулук менен күтүп жатабыз, – деди Гюрсель Ениже.

Жаңы өкмөт «Ак кеме-Пинара» мейманканысы жөнүндө өз позициясын билдире элек. Ал мындай талаш маселердин баары мыйзам чегинде сот аркылуу чечилерин билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG