Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

3-апрелде күндүн көзү кандай болот?


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 4-5-апрель күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр жаап карга айланат. Чүй, Талас, Ысыккөл өрөөндөрүндө жана Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын тоо этектеринде -3 градус, ал эми башка аймактарда -2...-7 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Аба ырайынын мындай кескин өзгөрүшүнөн мөмө бактарды үшүк урушу ыктымал.

3-апрелде Кыргызстанда күндүз жамгыр жаайт, тоого кар түшөт. Абанын температурасы:
Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн +8...+13, күндүз +15...+20 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +6...+11, күндүз +14...+19 .
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +16...+21 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18 градус.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн 0...+5, ал эми күндүз +13...+18.
БИШКЕК шаарында түштөн кийин жамгыр жаашы күтүлөт. Түнкүсүн +10...+12, күндүз +18...+20 градус жылуу.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG