Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Грузия парламентинен делегация келди


БИШКЕК. 2-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Грузиянын парламентинин делегациясы менен жолугушту. Анда Кыргызстандагы коомдук-саясий абал талкууланды. Текебаев Кыргызстандагы ыңкылап Украина, Грузиянын сценарийи менен болбогондугун билдирди. Ал ошондой эле өлкөнүн көпчүлүк атуулдары Аскар Акаев менен сүйлөшүүгө каршы болуп жаткандыгын белгиледи. “Бирок Конституцияга ылайык президенттин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын алууга сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт”,-деп билдирди Өмүрбек Текебаев. Төрага Грузия парламентинин өкүлдөрүнө алдыдагы президенттик шайлоо жана саясий туткун Феликс Кулов тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG