Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Сузак райондук сотунун алдында нааразылык акциясы


ЖАЛАЛАБАД. Райондук соттун алдына топтолгон үч жүзгө жакын адам 13-мартта бүткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болушту. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо аймактарда мыйзам бузуулар менен коштолгондугун белгилешти. Алар шайлоодо утулган талапкерлердин арыздары сот уюмдары тарабынан убагында каралбастан айрым кандидаттардын даттанууларын талкуулаган соттор бир жактуу чечим кабыл алып жаткандыгын айтышты. Жаңы парламентте отурган көпчүлүк депутаттардын, бийликтердин жана акча менен сый көрсөтүүлөрдүн жардамы менен шайлангандыгын, ошондой эле кандидаттар үчүн белгиленген 30 миң сомду күрө акы менен акчасы жоктугунан мыкты адамдар шайлоого катыша албай калгандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG