БИШКЕК. №55 Бакайата шайлоо округунан шайланган талапкер Жусуп Иманалиевдин 150 чамалаш тарапкери 4-апрелде Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыкты. Алар өздөрү шайлаган депутатына байланыштуу Бакайата райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу талабын коюшту. Мындай акция бир күн мурун Таласта өткөн. Бул акциянын чыгышына Бакайата райондук сотунун Иманалиевди депутаттык укуктан ажыраткан чечими себеп болгон. Мындай чечимди сот Иманалиевдин атаандашы Равшан Жээнбековдун доо арызынын негизинде чыгарган. Равшан Жээнбековдун шайлоочулары парламенттик шайлоодо добуш сатып алуулар, административдик тоскоолдуктар болду деп эсептешип, массалык нааразылыктарга чыгышкан. Ал эми парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынан кийин Талас облустук администрациясын ээлеп алышкан.