Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Бейөкмөт уюм өкүлдөрү Акаев менен жолугушууга каршы


БИШКЕК. Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн талабын көңүлгө албай төрага Өмүрбек Текебаев баш болгон парламенттик комиссия мүчөлөрү Аскар Акаев менен сүйлөшүүгө барышы кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келет. Мындай мазмундагы билдирүүнү 4-апрелде Бишкекте өткөн атуулдук форумдун катышуучулары кабыл алышты. Билдирүү ээлеринин пикиринде, кыйын мезгилде элге берген өз антын бузуп өлкөдөн качып кеткен мамлекет башчы Аскар Акаев менен сүйлөшпөй, тескерисинче ага импичмент жарыялап, экс-президентке берилүүчү ыйгарым укуктарды жокко чыгаруу туура болмок. Мындан сырткары форумдун катышуучулары Акаевге жан тарткан Жаңы парламентти таркатууну жана Аскар Акаевдин он беш жыл жүргүзгөн саясатын иликтеп чыгып, ага юридикалык, жана саясий баа берүүчү атайын комиссия түзүүнү сунушташты. Бул форумга «Эл аралык толерантуулук фонду», «Асаба» кайра жаралуу партиясы, «Кылым шамы» бейөкмөт уюму, «Келкел» жаштар уюму уюму жана башка ондон ашуун коомдук уюм өкүлдөрү катышты. Ошондой эле форумга катышкан бейөкмөт уюмдары Аскар Акаевге импичмент жарыялоо талабы менен 5-апрелде Жогорку Кеңеш имарат алдына митингке чыгыша тургандыгын жарыялашты.

XS
SM
MD
LG