Виктор Ющенко Вашингтонго төрт күндүк визит менен кечээ келген. Бүгүн ал Ак үйдө АКШнын президент Жорж Буш менен жолугушту. Буш өз сөзүндө Украинанын демократия жаатындагы жетишкендиктерин кубаттап, Виктор Ющенкону эркиндикти эңсеген адамдардын символу ирээтинде мүнөздөдү. Мурдараак тараптар башка маселелердин катарында Украинанын эл аралык санцияларды бузуп Иран менен Кытайга ракета сатуусун да талкуулары маалымдалган. Украинанын айрым саясатчылары мындай соода операциясына мурдагы президент Леонид Кучма уруксат бергенин билдиришкен эле. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул иш боюнча тергөө да баштаган.
Виктор Ющенко шаршембиде Конгресстин кош палатасынын биргелешкен жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле Америкадагы украин диаспорасы көп жашаган Чикаго жана Бостон шаарларына бармакчы.
Виктор Ющенко шаршембиде Конгресстин кош палатасынын биргелешкен жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле Америкадагы украин диаспорасы көп жашаган Чикаго жана Бостон шаарларына бармакчы.