Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Базаркоргон районунун акимин шайлоо аракети ишке ашпай калды


ЖАЛАЛАБАД. Жыйында президенттик администрациянын башчысынын милдетин аткаруучу Үсөн Сыдыков 15 жылда Казакстан менен Өзбекстандын бийлиги чет өлкөдөн миллиондогон кандаштарын өлкөсүнө алып келсе, Кыргызстандан 1 млн. 200 миң адам чет жакка кетүүгө аргасыз болгонун, Аксы окуясына туура эмес баа берилгенин билдирип, бир нече жумадан бери кош бийлик орногон районго башчыны сабырдуулук менен тандоого чакырды. Чогулушка катышкандар болсо 29-марттан бери районду башкарган адамды акимдикке бекитүүнү жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевди сыналгылар аркылуу каралоону токтотууну талап кылышты. Райондун башчысын эки күндөн кийин ар бир айыл өкмөттөн 20 адамдан куралган өкүлдөр менен шайлоону сунуштаган Үсөн Сыдыковду чогулуштагылар кетирбөөгө аракет кылышты.

XS
SM
MD
LG