Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Кочкордо ок атылып, бир адам ооруканага жатты


НАРЫН. 4-апрелде бир нече жүздөгөн адамдар райондук акимчиликке
чакыртылып, алар мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун келишин күтүп турушкан. Түштөн кийин бир нече адам буга чейин Кочкор районунун айылдык Кеңештеринин төрагасы деп эл тарабынан шайланган Качыке Бейшебаевди ур-токмокко алышып, анын райондук акимчиликтин имаратынан кетүүгө аргасыз кылышкан. Бирок, Дастан Сарыгулов 4-апрелде Кочкорго келген эмес. Ал эми түнкү саат бир жарымда нааразыланган тараптардын ортосундагы жаңжалда ок атуу болуп, бир адам бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. 5-апрелде болсо Качыке Бейшебаев телефон аркылуу байланышып, ал кырдаалдын келип чыгышына Кочкор округу боюнча депутаттыкка талапкер болгон Курманбек Байтереков себепкер экендигин, өзүн ур-токмокко алгандар да анын кишилери болгондугун билдирди. Ал эми экинчи тарап менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

XS
SM
MD
LG