Маалымат жыйыны мурунку “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун “Атуулдар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору деген аталышка ээ болгондугун маалымдоо менен башталды. Борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, уюм мындан ары укуктары тебеленген бардык инсандардын укугун эл аралык стандартка ылайык коргоону, таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүү, өнүгүүнүн жаңы программаларын түзүүнү колуна алат. Ал эми акыркы убакта кыргызстанда түзүлгөн саясий кырдаал тууралуу Төлөйкан Исмаилова бир нече сын пикирин билдирди. Анын айтымында учурда Кыргызстан кылмышкерлер чөйрөсүнүн башкаруусуна өтүп калганы өкүнүчтүү:
-Бүгүн бардык жерде: түштүк жакта да, Бишкекте, Ысыккөлдө, Чүйдө да кылмыш чөйрөсүнүн адамдары башкарып жатышат. А түгүл азыркы жаңы шайланган Жогорку кеңештин курамына да кылмыш чөйрөсүнүн көп өкүлдөрү келди. Биз инсанбыз, коопсуздук, демократия дегенди түбүнөн алып түшүнүп караганда биз азыр аябай кооптуу кырдаалда турабыз.
-деген Төлөйкан Исмаилова Акаевди бийликтен кетирген төңкөрүш басып алуучулук ыкма менен болгон деген оюн төмөнкүдөй түшүндүрдү:
-Азыркы бийликке келе турган оппозиция Акаевден күчтүү, кыйын болушу керек болчу, коомчулукка жаңы иштерди бермек. Бирок революциядан кийинки, революция болгон ыкма атуулдук активисттерге, эл аралык уюмдарга түшүнүксүз болуп, демократиялык кадамдарга туура келбей калды. Анткени ага кылмыш чөйрөсү аралашып кетти.
Маалымат жыйынында коомчулук жаңы дайындалып жаткан кадрларга ыраазы болбой жаткандыгы, жаңы бийлик кадр тандоо маселесине даяр эмес экендиги билинип калгандыгы тууралуу да сөз болду. “Атуулдар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова буга чейинки бийликке оппозиция болуп келген күчтөрдө эч кандай программа жоктугун айтып, өлкө Акаевдик клан диктатурасынан кийин дагы бир башка диктатурага туш болуп калуу коркунучунун алдында тургандыгын билдирди:
-Биз азыркы өкмөттүн саясатын, оппозициянын ынтымагын көрө албай жатабыз. Андан көрө биз өткөнгө кетип, унутулуп калган коммунисттик кландын кайра бийликке келип, өз эрежелери боюнча кадрлар саясатын таңуулап жаткандыгын, ошол эле үй-бүлөлүк клан түзгөн Акаев режиминин кадрлары бир күн эки күндөн кийин кайра эле келип, биздин коопсуздугубузду сактай турган күч органдарынын башына отуруп жаткандыгын көрүп жатабыз. Мунун баары кулаган бир диктатуранын ордуна башкасы келип калуу коркунучун туудурат.
Ошондой эле калкты социалдык жактан коргоо коомдук уюмунун өкүлү Дола Арцыбашева жаңы бийликтин орношу менен Чүй облусунун жетекчилигине эл каалабаган адамдын келип калгандыгын айтты. Ушундай эле абал Ысыккөл облусунда да түзүлгөндүгүн “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева билдирди:
-Губернатордун милдетин аткаруучу болуп башка адам келгени менен башка бийлик орундарында мурунку кланда иштеген кадрлар калып жатат. Биз аларга каршыбыз, алар эмне болгон күндө да кетиши керек. Себеби баары башкадан башталбаса, ачыткы калса ошол бойдон ачый берет, ошондуктан жаңы эл үчүн иштеген кадрлар керек.
Ал эми премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев мындай кырдаал болуп жаткандыгын мойнуна алды, бирок мунун баары убактылуу нерсе жана ал жөнгө салына тургандыгын билдирди:
-Чындыгын айтканда элдин айрым бир катмарына жакпаган дайындоолор болуп калгандыр. Аны мен билем. Бирок бул убактылуу нерсе. Мурунку тажрыйбамдан деле кадрларды жакшы эле билем. Акырындык менен тийиштүү жерлерге өз деңгээли туура келген кадрларды дайындайбыз. Азыркы болуп жаткан дайындоонун баары убактылуу, милдетин аткаруу деп коюп атабыз. Анткени мен тез аранын ичинде өкмөттүн курамын түзүүм керек болуп жатат.