Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

КЫРДААЛ КУРЧ: ТӨРТҮНЧҮ, БЕШИНЧИ КҮЧТӨР БАШ КӨТӨРӨ БАШТАДЫ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Революциядан кийинки Кыргызстанда акыбал курчуп баратат. Айрым региондордо кош бийлик орносо, Курманбек Бакиевдин кадрдык саясаты Аскар Акаевдикинен өзгөчөлөнө алган жок деген нааразылыктар да күчөдү. Ушундай башаламан кырдаалда өзбек жана орус тилине мамлекеттик тил макамын берүү өңдүү күтүүсүз сунуштар көтөрүлө баштады.

Көпчүлүк байкоочулар Кыргызстан туңгуюкка кептелип, мамлекеттик башаламандык күч алып баратканын тынчсыздануу менен айтып жатышат. Революциядан кийинки жаңы бийликке байма бай сындар айтыла баштады. Курманбек Бакиев башында турган азыркы бийлик кетмейин өлкөдө стабилдүүлүк орнобойт деген пикирлер бар.

Кыргызстандын патриоттук революциялык фронту деп аталган саясий кыймыл азыркы бийликтин отставкага кетишин талап кылууда. Аталган кыймылдын жетекчиси Назарбек Нышанов революциядан кийин жалпы элдик курултай чакырылып, анда коалициялык убактылуу өкмөт түзүлгөнү оң болчу дейт. Азыркы бийлик легитимсиз болгондон кийин кайрадан бул бийликти басып алуу коркунучу бар деген ойдо:

- Бул бийлик Акүйдү 2 миң адам менен басып алса, дагы бир саясий күчтөр 5 миң адам менен кайра басып алышы ыктымал. Андыктан төңкөрүш аркылуу легитимсиз жол менен бийликке отуруп калган азыркы өкмөт толук отставкага кетиши керек. Андан кийин жалпы элдик курултай чакырабыз.

Революциядан кийин жашоосунда чукул өзгөрүүлөрдү күткөн коомчулукта бир адам кеткени менен мурдагы режимде иштеп келген адамдар бийликте калып жатканына, эски система ошол эле калыбында калып жатканына чочулоо бар.

Назарбек Нышанов да азыркы бийликтин кадрдык саясатына сын көз менен карайт. Анын пикиринде, 24- марттагы төңкөрүшкө тиешеси бар адамдар кландык жана тууганчылдык принцип менен орун бөлүштүрүп жатышат.

Экс- губернатор Накен Касиев азыркы бийлик кадр тандоодо эң башкы критерий катары оппозициялык жээкте жүргөндүгүн эске алып жатат деген оюн билдирди:

- Оппозицияда жүрдүң эле деп дайындай берген болбойт да. Профессионалдык деңгээли эске алынган жок. Эми бийлик эсин жыйнап, кырдаалды колго алат деп ишенем.

Көпчүлүк байкоочулар азыркы бийлик өлкөдөгү башаламандыкты жөнгө салууда саясий эркин жана бекемдигин көрсөтө алган жок дешет. Бишкек шаардык кеңешинин спикери Нуржамал Байболова "оюнчулар алмашты, бирок оюндун эрежелери өзгөргөн жок" деген ойдо. Анын пикиринде, системанын өзгөрүшүн күткөн эл азыр катуу чочулап турат.

Айрым талдоочулар революцияны баштан кечирген ар бир өлкөдө кырдаал курчуп, башламандык болот деп сооротушат. Бирок айрым чөйрөлөр өз кызыкчылыктарындагы айрым маселелерди дал ушул кырдаалда көтөрүп жатканы тынчсызданууну жаратат.

«27- март комитети» деп аталган коомдук форумдун саясий кеңеши 5- мартта билдирүү таратты. Анда Кыргызстанда орус жана өзбек тилдерине мамлекеттик тил макамын берүү демилгеси айтылган. Аталган форумдун саясий кеңеши президенттикке ат салышкан талапкерлер үчүн кыргыз тил сынагын жоюп таштоо сунушун айтып жатат.

Дал ушул кырдаалда төртүнчү же бешинчи күчтөр өз кызыкчылыктарын түртүү аракетин жасай баштады дешет айрым байкоочулар. Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев айрым күчтөр улуттар ортосундагы мамилени курчуткусу келип атканын белгилейт:

- Мындай демилгелер ансыз да башаламан кырдаалдан пайдаланып, улуттар аралык мамилени курчутууну көздөп атат. Кыргызстан унитардык мамлекет болгондон кийин автономиялар жок. Андыктан орус тилине же өзбек тилине статус берүүнүн зарылдыгы жок. Бул жөн гана кызыкдар топтордун кырдаалдан пайдаланып жаткандагысы деп түшүнөм.

Айрым саясий күчтөр өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салыш үчүн тез арада конституциялык реформа жүргүзүп, азыркы бийлик кадрдык саясатын жакшыртып, тартипти колго алганы оң деп жатышат.

XS
SM
MD
LG