Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

«КЫРГЫЗСТАН АБА ЖОЛДОРУНУН» ЖЕТЕКЧИСИ ТЕКШЕРҮҮГӨ КАРШЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек 6-апрелде «Кыргызстан аба жолдору» акционердик коомунун президенти Акылбек Жумабаев вице премьердин жана транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбей Кадырбеков акционердик коомдун ишин текшерүү жөнүндө буйрукка кол коюп, комиссия жибергенин билдирди. Акылбек Жумабаев бул текшерүүнү мыйзамсыз деп баалап, жаңы бийликтин мындай кадамына каршылык көрсөтүү максатында кызматтан кетээрин жарыя кылды.

Акылбек Жумабаевдин айтымында, мыйзам боюнча өкмөттүн жана министрликтин акционердик коомдордун ишин текшерүүгө укугу жок:

-Бул буйрукту жаңы бийликтин, конкреттүү айтканда биринчи вице-премьер-министр Кадырбеков мырзанын, биздин компанияга жасаган чабуулу деп эсептейм. Себеп дегенде, бул кишинин мындай буйрук чыгарууга укугу жок. Эгерде ал мени алмаштырып, өз кишисин койгусу келсе, ал киши мени чакырып туруп жөн эле айтса, мен өзүм деле кызматты өткөрүп берүүгө каршы болмок эмесмин. Мындай мыйзам бузуу жаңы өкмөткө абийир алып келбейт. Ошон үчүн президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин кеңсесине өзүмдүн кызматтан кетүү жөнүндө арызымды алып барып берем, –деди Акылбек Жумабаев.

Бирок ал комиссиянын текшеришине тоскоолдук кылган жок. Акылбек мырза биздин көзүбүзчө өз кызматкерлерине текшерип келгендерге баардык документтерди берүү жөнүндө көрсөтмө берди. «Мыйзам боюнча комиссиянын текшерүүгө акысы жок болсо, эмне үчүн анын ишине шарт түзүп берип жатасыз» деген биздин суроого:

-Мен бийлик менен кармашкым келбейт. Бийлик кылам дегенин баары бир кылат, –деп жооп берди Акылбек Жумабаев.

Комиссия мүчөлөрү менен сүйлөшүп көрсөк, алар учактардын жүргүнчүлөрдү ташуудагы коопсуздугун текшергени келишкенин, ал эми мыйзамда болсо чарбалык жана финансылык иштерди гана текшерүүгө тыюу салынганын айтышты.

Бирок Акылбек Жумабаев бизге буйрукту көргөздү. Ал жерде өндүрүштүк жана чарбалык иштери текшерилсин деп жазылган экен.

Комиссия мүчөлөрү андан тышкары компаниянын жетекчилерине каршы арыз түшкөнүн да билдиришет:

- Компаниянын жумушчулары «жетекчилер - адистер эмес, алар авияциянын ишин жакшы билишпейт, жанын туугандарын чогултуп алышкан, коорупция болуп кетти, учактардын коопсуздугу да камсыз кылынган эмес» деп жазышыптыр. Азыр жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна эч ким карабай калды да, –дейт комиссиянын төрагасы Элис Сатаркулов.

Ал арызды ким жазган деген суроого ал так жооп бере алган жок:

-Арызга кол коюлбаптыр. Ошон үчүн көз карандысыз комиссия түзүштү. Комиссия карасын, биз кийлишипейли деп жатышат,-
деди Элис Сатаркулов.

Комиссиянын жетекчиси бир кезде компаниянын вице-президенти болуп иштеп кеткен болуп чыкты. Ал «Кыргызстан аба жолдору» азыр оор абалда экендигин айтат:

-Мен 1993-жылы жумуштан кетип жатканда бизде 13 ТУ-154, 7 ТУ-134, 30-40тай ЯК, бир жүк ташуучу жапжаңы ИЛ- 76 бар болчу. Алар азыр кайда экнин билбейм. Бир эле учак калыптыр. Карыз үчүн берип салышса керек,– дейт Элис Сатаркулов.

Анын айтымында, компаниянын азыр 7 млн доллар бересеси болуп, ал банкрот болуу алдында турат.

Ал эми Акылбек Жумабаев болсо компаниянын абалы оор экенин танбайт. Бирок ал жетекчиликке келгенден бери аны оңдоого аракет кылып жатканын белгиледи:

-7 млн доллар карыз бүгүн эле болуп калган жок да. 7 млн доллар мындан 10 жыл мурда эле бар болчу. Ошого карабай биз «Кыргызстан аба жолдорун» холдинг кылып, анын алдында өз алдынча «Кыргызавиа», «Ошавиа» жана башка дагы 2 жаӈы компания түзүп, аларга инвестиция издейли деп баардык документтерди түзүп жаткан элек, -дейт Акылбек Жумабаев.

Ал «Боинг» учагын сатып алууга акча чыгарган инвестор чыгып жатканын кошумчалайт.

«Кыргызстан аба жолдору», «Кыргызэнерго», «Кыргызгаз» өңдүү мамлекетке караган бир нече компаниялар бийликтегилердин жеп-ичкен акырына айланганы жөнүндө көптөн бери сөз болуп келген. Бирок аларды мурдагы бийликтин тушунда эч ким текшере алган эмес.

Акылбек Жумабаев мурда «Автобанкты» жетектеп туруп, ал казакстандыктарга сатылып кеткенден кийин «Кыргызстан аба жолдоруна» келген болчу.

XS
SM
MD
LG