Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов Ысыккөл облусунда иш сапары менен жүрөт


КАРАКОЛ. Алынган маалыматтар боюнча мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов облустук, район, шаардык акимчиликтин аппарат кызматкерлери менен жекеме-жеке сүйлөшүп, алар менен кадр маселеси, облустагы саясий кырдаал, карапайым калктын жашоо турмушу, жазгы талаачылык жумуштары жана башка бир топ көйгөйлөр тууралуу пикирлерин укту. Маселен, облустук акимчиликтин айрым кызматкерлери менен жабык эшик артында сүйлөштү. Дастан Сарыгуловдун сүйлөшүүлөр учурунда айткандарына караганда жергиликтүү бийлик ээлери эл менен болуп, карапайым калк тарабынан көтөрүлгөн ар бир маселеге кайдыгер карабаш керек. Сүйлөшүүлөр учурунда өспүрүмдөр арасында жугуштуу кургак учук илдетинин ачык түрү менен ооругандардын кескин өскөндүгү, көчө балдарынын көбөйгөндүгү тууралуу маалыматтар ачык айтылып, бул көйгөйлөрдөн чыгуунун жолдору талкууланды.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG