Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Кызмат адамдарынын мүлкү тууралуу декларация толтурулат


БИШКЕК. Кыргызстандагы саясий ишмерлердин жана жетекчилик кызматтарда иштеп жүргөн 700 жакын адамдын каражат мүлкү, алардын жакын тууган-туушкандарына катталган мүлктөр тууралуу декларация толтурулат. Декларацияда кийинки эки жылда иштеп тапкан каражат, кирешелери тууралуу да толук маалымат берилиши керек. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин жетекчиси Акылбек Жумабаев 6-апрелде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, декларация толтурууга каршы болгондор, туура эмес маалымат бергендер, маалымат берүүдөн баш тарткандар мыйзам алдында жоопко тартылат. “Бул иш чара өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүүгө жана алдым-жуттум мамлекеттик кызматкерлерди тазалоого багытталган”, - деди Акылбек Жумабаев.

XS
SM
MD
LG