Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Жогорку сот Ф.Куловду бир эпизод боюнча актады


БИШКЕК. 6-апрелде Жогорку сот «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун үстүнөн козголгон биринчи кылмыш ишин кайра карап, Бишкек шаарынын аскер гарнизондук сотунун 2000-жылдын 7-августундагы өкүмүн күчүндө калтырды. Анда гарнизондук аскер сотунун судьясы Нурлан Ашымбек уулу Феликс Куловго кызматынан кыянаттык түрдө пайдаланган деген айыптар негизсиз деген бүтүм чыгарып, аны актап, сот залынан бошоткон. Бирок 2000-жылы 11-сентябрда Бишкек гарнизондук аскер сотунун коллегиясы бул өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Ал эми 2001-жылдын 22-январында Бишкек гарнизондук соту Ф. Куловду айыптуу деп таап, 7 жылга эркинен ажыраткан. Ушул эле жылы Республикалык аскер сотунун коллегиясы, андан соң Жогорку соттун коллегиясы да карап, күчүндө калтырган.

2005-жылдын 6-апрелдеги Жогорку соттун ачык сот жараянында кийинки чыгарылган өкүмдөр негизсиз деп табылды. Сот жараянан соң Ф. Кулов адилеттик орношун беш жылдан бери күтүп келгенин, бүгүнкү өкүмдү кубануу менен кабыл алганын билдирди. 7-апрелде Жогорку сот Феликс Куловго байланышкан экинчи кылмыш ишти кайрадан кароону улантат. Ф. Кулов 2001-жылы камакка алынып, жалпысынан 10 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG