Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Каржы министринин милдетин аткаруучу сынга макул эмес


БИШКЕК. Кыргызстандын Каржы министрлигинин карамагынан бажы, салык жана финансы полициясын өкмөттүн карамагына өткөрүү экономикага абдан катуу зыян тийгизет. Бул тууралуу 8-апрелде Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында:- Мен бул аябай катуу зыян тийгизет деп ойлоп жатам. Анткени, азыр кирешенин 6%ин гана Эл аралык валюта кору баштаган институттарга төлөп жатсак, анда 28-30% төлөшүбүз керек болуп калат. Эгерде аларга көмүскө акчаны көзөмөлдөө үчүн Каржы министрлиги керек болсо мени чакырып эле айтып коюшса болмок Андан тышкары Акылбек Жапаров министрликтин түзүмүн өзгөртүү Жогорку Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлүшү керек деп билдирди. Ал эми 8-апрелде президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев «Акылбек Жапаров чоң катачылыктарды кетирди,бул боюнча чечим кабыл алабыз»,-деп Жогорку Кеңеште билдирди. Акылбек Жапаров «өкмөт башчы финансы полициясынын кызматкерлерин алып Кочкор районуна баргандыгымды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу деп баалап жаткан болуу керек», - деп, андай кинеге макул эместигин билдирди. Анын айтымында, финансы полициясын алып барып, Кочкордогу талап-тоноону токтотуп калган. Ошондой эле министрликтеги айрым кызматтарга жакын туугандарын дайындап жатат деген маалыматты четке какты.

XS
SM
MD
LG