Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Жер басып алуучулук орун алууда


БИШКЕК. Бул күндөрү жүздөгөн адамдар Бишкек шаарынын тегерегиндеги бош жерлерди басып алууда. Бишкек шаардык бийлиги, Чүй облустук жетекчилиги ишти мыйзам чегине салууга аракет жасоодо. Премьер министр Курманбек Бакиев жер мыйзам чегинде бөлүнүп бериш керектигин жана бул ишти Чүй облустук бийликтиги жүргүзүүгө тийиштигин билдирүүдө.Бишкек шаардык мэриясы жана ички иштер министрлигинин басма сөз кызматтары жер басып алган адамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлашты. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов мыйзамсыз жер басып алуучулардын демилгечилерине каршы чечкиндүү чара көрүүгө бийликти чакырууда.

XS
SM
MD
LG