Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

А.Мадумаров – депутат


БИШКЕК. 8-апрелде Борбордук Шайлоо комиссиясы №39 Куршаб шайлоо округу боюнча Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаты болду деп жарыялады. БШК мындай чечимди добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча даттануулардын баарын текшергенден кийин кабыл алды. Бул округдан талапкер болгон Адахан Мадумаров менен Мамат Орозбаевдин даттанууларын БШКнын үч мүчөсү текшерип, округдагы 58,59 жана 62 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. БШК аталган шайлоо участкаларындагы мыйзам бузуулар боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн материалдарды Башкы прокуратурага берүү чечимин да кабыл алды. БШКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Нина Мухинанын айтымында, үч участкада шайлоо комиссиялары жана талапкерлер тарабынан одоно мыйзам бузуулар болгон. Ал эми азыр соттор 9 округдагы талашты териштирип жатат.

XS
SM
MD
LG