Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

ЖАҢЫ БИЙЛИКТИН КАДР САЯСАТЫ МУРДАГЫДАЙ КАЛАБЫ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Мурдагы бийлик жакын туугандарын, жек жааттарын кызматка коюп алгандыгы үчүн сындалып келгендиги маалым. Мындай сын азыр жаңы бийликке карата да айтыла баштады. Ыңкылаптын аркасы менен бийликке келген адамдар жогорку кызмат орундарына өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын коюп алып, жаңы бийлик мурдагы Акаевдин замандагыдай коррупцияга оой баштады деген сөздөр чыга калып жатат.

24-мартта президент Аскар Акаев качып кеткенден кийин шашылыш түрдө жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөн болчу. Президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Курманбек Бакиев жаңы өкмөттү түзүүдө «түндүк-түштүк маселеси», улуттар аралык мамиле, эң негизиси - кадрлардын иш билги сапаты эске алынганын айтып жүрөт.

Бирок массалык маалымат каражаттарында жаңы бийликтин кадр саясаты катуу сынга алына баштады. Мисалы, элге кеңири белгилүү, 24-марттагы революциянын болуусуна чоң салым кошкон «МСН» гезити жума башындагы сандарынын биринде ишкерлер тобунун катын жарыялаган. Атын жашырган ишкерлер каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров Бишкек шаардык салык инспекциясына бир тууганы Нурлан Жапаровду, «Манас» аэропортундагы бажыкананын башчысына тууганы Нурлан Макеевди, Бишкектеги бажыкананын башчысынын орун басарына бир тууган иниси Таалай Жапаровду, Каржы министрлигинин аппаратынын жетекчисине дагы бир тууганын коюп алганын билдиришет. Ал ишкерлер мурда бир машине жүк үчүн 500-600 доллар пара берип келишсе, азыр 1800-2000 доллар берүүгө туура келип жатканын жазышат.

«Бийликкке келгендер портфель талашып, элге көңүл бөлбөй калышты, алар өздөрүнүн жакын адамдарын бийликке коюп алышып, мурдагыдай эле коррупцияга түшүп кетишти» деген сөз парламентте да айтыла калып жүрөт. Жума күнү Жогорку кеңештин отрурумунда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев мындай дооматтарды четке какты:

-«Баягы эле кишилер, баягы эле коррупционерлер» деп айтып жатасыздар. Мына биринчи вице-премьер Ишенбай Кадырбеков. Ким айта алат бул кишини коррупционер деп. Вице премьер министр Болжурова. Айта аласыздарбы? Үсөнов Данияр. Айта аласыздарбы?. Аппарат башчысы Исабеков Азимбек. Ким айтат? Абдылдаев Мыктыбек – ички иштер министри. Билим берүү Нур уулу Досбол. Айыл чарба министри Анарбаев Абдымалик. Ушинт ин уланта берсем болот.

Курманбек Бакиев кезек Акылбек Жапаровго келгенде мындай деген эле:

-Мына Жапаров. туура, бул жигит бир топ чоң катачылыктарды кетирип койду. Бул боюнча чечим кабыл алабыз,- деген Курманбек Бакиев.

Бул сөздөн кийин жума күнү кечинде Акылбек Жапаров кызматтан алыныптыр деген имиш кеп тарады.

Акылбек Жапаров өзү бир гана тууганын кызматка койгонун, ал дагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу болгонун айтып актанып жатат:

- Туугандардан болгону Жапаров Нурлан деген бир гана менин бир тууган иним бар болчу. Аны мурдагы жетекчилердин баары качып кеткенде коюп койгонбуз. Азыр ал Октябрь районун салык инспекциясына кайра барат,- деди Акылбек Жапаров «Азаттыктын» кабарчысынын берген суроосуна.

Бирок ишембиде вице-премьер Данияр Үсөнов ишкерлер менен кеңешме өткөрүп, «МСН» гезитине чыккан материал атайын ага каршы уюштурулган материал экенин, Акылбек Жапаровдун эч күнөөсү жок экенин билдирди:

-Акылбек Жапаровго биздин эч кандай дооматыбыз жок. Ал биздин команданын мүчөсү . Гезитке чыккандардын баары дүйнө жүзүндө боло жүргөндөй Акылбек Жапаровдун кызматтан чегинүү тууралуу арыз жазуусуна алып келди. Биз гезиттке чыккан маселердин жана фактылардын баарын ал өзү иликтеп чыгат деп ишенебиз. Биз бирге иштейбиз, –деди Данияр Үсөнов.

24-марттагы революциядан кийин коомчулукта жаңы бийлик элдин таламын талашкан бийлик болот деген үмүт жаралды. Жаңы бийлик бул үмүттү актай алабы же Акаевдин заманындагыдай бир ууч адамдын кызыкчылыгына иштеп кетеби – аны бир гана ошол элдин өзүнүн аракети жана мезгил көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG