ЖАЛАЛАБАТ. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдыраимовдун кызматтан кетүүсүн жана анын райондук бийликтин имаратынын алдында бир нече күндөн бери турган элдин моралдык жана материалдык зыяндарын калыбына келтирүүсүн, ошондой эле 27-Сузак, Базаркоргон шайлоо округунан шайланган Абдимитал Хакимовду депутат катары таануусун талап кылышты. Митингде сүйлөгөндөр талаптары аткарылмайын акцияларын токтотпой тургандыгын жана Өзбекстандын ички иштер министрлигинен, Анжиян облусунан Абдимитал Хакимовдун Өзбекстандын атуулу эместиги Сузак райондук соту жана Жогорку сот тарабынан аныкталганын белгилешти. Акцияга миңден ашык адам катышып, ал эртең 10-апрелде да улантыла турган болду.