Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Башкалаанын чет- жакасында жер басып алуу уланууда


БИШКЕК. Бишкектин чет жакаларында бош жерлерди басып алуу уланууда. 9-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн раойнуна караштуу Лебединовка айылы менен «Алатоо» совхозуна караштуу бош жерлерди ээлеп алуу үчүн 10 миңге чукул адам чогулду. Алар менен жолугушууга Чүй облусунун губернатору Тургунбек Кулмурзаев келип, Чүй облустук жана Бишкек шаарынын администрациялары тарабынан жерге муктаж болгон атуулдардын талаптарын канааттандырууга аракеттер көрүлөт деп билдирди. Ушул эле күнү вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жер аянттары жок атуулдарга Чүй аймагынан 500 гектар жер берилет деп маалымдады. Анын айтымында, жер пландуу түрдө бөлүштүрүлүшү керек. Жер алуучулар тарабынан атайын штаб түзүлүп, анда жерге чыныгы муктаж атуулдардын тизмелери такталууда. Айрым маалыматтарга караганда, жер алууга аракеттенип жаткан адамдардын ичинен 60 пайызынын турак-жайы жана жер үлүштөрү бар.

XS
SM
MD
LG