Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Кытай учурдагы эки тараптуу алакалардын начардыгы үчүн Жапонияга кине такты


Кытайдын тышкы иштер министрлиги бүгүн өлкөдө жайылган Жапонияга каршы демонстрациялар Жапониянын Экинчи Дүйнөлүк согуштагы кылмыштары боюнча алгылыктуу иш жасабаганынан улам чыкты деп ырастады.

Гуанджоу жана Шенжең шаарларында бүгүн 10 миңдеген демонстранттар жапан консулдугун, жапандарга тиешелүү азык-түлүк дүкөндөрүн ташбараңга алып, боек чачып, айнек шишелерди ыргытышты.

Кечээ да 10 миң чакты киши Бейжиндеги жапан элчилигин ташбараңга алган.

Демонстранттардын бири: - Экинчи Дүйнөлүк согушта жапандар көптөгөн азиялык өлкөлөрдө ушунчалык оор кылмыштарды жасашкан. Бирок алар күнөөсүн таптакыр сезишпейт. Кытайлыктар буга мындан ары чыдай албайт,- деп айтты.

Жапониянын тышкы иштер министри Нобутака Мачиматра бүгүн Бейжинден кечирим суроону талап кылды.

XS
SM
MD
LG