Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Базаркоргондуктар Бакиев менен Текебаевге кайрылышты


ЖАЛАЛАБАТ. Базаркоргон райондук бийлик имаратында нааразылык чараларын өткөрүп жаткан жергиликтүү калк өкүлдөрү 10-апрелде президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдошту. Райондук бийликтин имаратынын ичинде тургандар кайрылуусунда президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыковдун кызматтан кетүүсүн жана КТР, Ош-3000 сыналгылары менен бирге элден кечирим суроосун, сыналгылардын Өмүрбек Текебаевди жана “Атамекен” партиясын айыптоолорун токтотуусун, эл көрсөткөн адамды райондун акимдигине бекитүүсүн талап кылышты. Талаптары 11-апрель саат 10.00 го аткарылбаса, Ош-Бишкек жолу тосулуп, Жалалабатка жөө жүрүш башталаарын, төрт айыл өкмөтү менен облустук сыналгы ээленерин, ал айылдардын өкмөт башчылары ижарага иштеткен жерлер элге бөлүштүрүлүп берилерин билдиришти. Акимчиликтин сыртында тургандар тынчтыкты сактоо үчүн бийлик башчыларды чечкиндүү болууга чакырып, акимчилик ичинен жабылгандыктан, райондун убактылуу башчысына башка жерден жай издешерин маалымдашты.

XS
SM
MD
LG