Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Кытайдын премьер- министринин Индиядагы иш сапары уланууда


Делиге кечээ келген Вэнь Цзябао Индиянын башкаруучу Конгресс партиясынын лидери Сония Ганди менен кездешти. Бүгүн Индия өкмөт башчысы Манмохан Синх, тышкы иштер министри Натвар Синх менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Тараптар сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы узактан берки чек ара чатагы чечилишине алып бара турган келишим жөнүндө сөз кылары жана эркин соода келишимин түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулары күтүлүүдө.

Учурда дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү Кытай менен Индияда жашайт. Кытай өкмөт башчысы Делиге чейин Индиянын информациялык технология боюнча борбору катары эсептелген Бангалор шаарында болгондо эки коңшу бул тармакта активдүү кызматташа аларын билдирди

XS
SM
MD
LG