БИШКЕК. Эки күн мурун Бишкекте «Мыйзамдуулук жана тартип үчүн» деп аталган коомдук кыймыл түзүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде дүйшөмбү күнү уюштурулган маалымат жыйынында кабарланды. Уюмдун курамында ар улуттун өкүлдөрү бар жана ал мыйзам чегиндеги катаал чараларды көрүүнү жактайт. Кыймылдын төрагасы Эркин Адыловдун пикирине караганда, учурда ыңкылаптын жаңы толкуну башталды. Мындай пикирин ал үч күндөн бери Бишкек шаарынын айланасындагы жер басып алууларга байланыштуу билдирди. Бул уюм жекшемби күнү Алатоо аянтында жер басып алуучуларга каршы 2 миңден ашык кишинин катышуусунда тынч митинг уюштурган. Митингге келип эл менен жолугушкан президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жер басып алуу атайын күчтөр тарабынан жасалып жаткандыгын белгилеп, мыйзамсыз жер берилбестигин кескин билдирген. Ал эми дүйшөмбү күнү Бишкек шаарынын айланасындагы айдоо аянттарды басып алгандар турак үй куруу үчүн курулуш материалдарын түшүрө башташты.