Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Талапкер сотко кайрылат


БИШКЕК.12-апрелде №39 Куршаб шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Мамат Орозбаев «Борбордук Шайлоо комиссиясы мыйзамсыз чечим чыгарып, Адахан Мадумаровду депутат деп тааныды» деп билдирди. Анын баамында, БШК мындай чечимди Мадумаровдун мурунку бийликке оппозицияда болгондугу үчүн эле кабыл алып, өзүнө добуш берген 13 миңден ашуун шайлоочунун добушун жокко чыгарды. Ошон үчүн шайлоочулары Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучуга,ЕККУга жана Өзбекстандын өлкөдөгү элчилигине арыз кат жолдошту. Анда шайлоонун биринчи турунда Өзгөн шаарында 228 гана добуш алган Адахан Мадумаров 14-мартта округдук комиссия мүчөлөрүн барымтага алып, коркутуу менен чечим чыгарткандыгын кабарлашты. «Ушундай чечимге барган БШК ушул калыбында иштей берсе президенттик шайлоонун тынч жана калыс өтүшү мүмкүн эмес»,-деген Мамат Орозбаев БШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылаарын жарыя кылды. Ал эми БШКнын басма сөз катчысы Нина Мухина бул Мамат Орозбаевдин жеке пикири экендигин жана БШК округдук комиссиянын чечимин гана тааныгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG