Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Коррупцияга каршы күрөш-башкы максат


БИШКЕК. 12-апрелде түштөн кийин Бишкектеги «Хаят» мейманканасында «Башкы максат-коррупцияга каршы күрөш» деген темада тегерек стол жыйын болду. Ага коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов, вице премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов катышты. Ниязов өз сөзүндө мурунку бийликтин тушунда өлкөнү коррупциянын желеси чырмап калганын билдирди. Ал эми Данияр Үсөнов коррупцияга каршы күрөштөн быйылкы жылы эле бюджеттин киреше бөлүгү 5 миллиард сомго көбөйөрүн билдирди. Алар коррупцияга каршы күрөштүн механизмдерин мына ушундай тегерек стол жыйында кеңешүүнүн натыйжасында иштеп чыгуу максатка ылайыктуу экендигин белгилешти. «Хаяттагы» тегерек стол жыйынга өкмөттүк эмес, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG