Ооганстандын Гардез провинциясында кечээ күнү генерал Хиал Баздын машинесине эки ракета атылды, бирок алардын бирөө да бутага тийген жок. Америкалык базадан дароо ал жерге тик учма менен аскер келип, ракета аткандарга чабуулга өттү, алты саатка уланган салгылашууда Талибан кыймылынын 12 жоокери өлтүрүлдү. Ал эми өлкөнүн Жогорку соту бүгүн Ажылык министринин эки орун басарын коррупциядан күнөөлөп, ар бирин үч жылга эркинен ажыратууга кести.